Салык кызматы: Финполдун коррупция тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

Мамлекеттик салык кызматы Экономикалык кылымыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) жооп кайтарып, ири коррупциялык схема аралашкан деген маалыматты төгүндөдү. 

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында Финполдун «Салык кызматкерлеринин алтын өндүрүүчү компания менен коррупциялык схемага аралашкандыгы жөнүндө” билдирүүсү чындыкка дал келбегендиги жана эч кандай юридикалык негиздерге ээ эмес экендигин айтылат.

«Салык кызматынын 2018-жылы «К.Г.К.» ЖАК алтын казып алуучу компаниясына карата жүргүзгөн бардык иш-аракеттери мыйзамдарынын чегинде гана ишке ашырылган. Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексинин 54-беренесине (салыктык сыр) ылайык айыптоого себеп болгон маалыматтарды коомго ачык жооп катары берүүгө укугу жок экендигин билдирет»,- деп айтылат салык кызматынын маалыматында.

Мекеме тергөө иш-чараларынын алкагында зарыл болгон бардык материалдарды Финансы полициясына бере тургандыгын кошумчалады.

Экономикалык кылымыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирүү таратып Салык кызматында иштеген кызматкерлер аралашкан ири коррупциялык схема аныкталганын билдирген. Жемкорлуктун кесепетинен мамлекеттин казынасына 9 миллиард сомдон ашуун каражат түшпөй калганы айтылган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*