УКМК Кеңешбек Дүйшөбаевдин айткандарына жооп кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Бийлик уюшкан кылмыштуу топтор менен сүйлөшүп алган” деген билдирүүсүнө жооп кайтарып, коррупция менен криминалга каршы күрөш күчөй турганын билдирди.

«Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дүйшөбаевдин «бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алган» деген маалыматы чындыкка дал келбейт. УКМК коррупция жана криминалдар менен активдүү күрөшүп жатат. Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүрүүдө. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаж кылуу, криминалдарды жок кылуу боюнча иштер уланып жатат»,- деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бүгүн 27-октябрда маалымат жыйында Кеңешбек Дүйшөбаев УКМКнын ишин сынга алган. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаев жакын арада абактан бошотулушу ыктымал деп айткан.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып 15-октябрда Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындаган.

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*