Кара-Сууда мас айдоочу ок атуучу куралы менен кармалды

27-октябрда Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн «Арсенал» аталышындагы рейддин алкагында мас айдоочу ок атуучу куралы менен кармалды.

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына ылайык, Кара-Суу районунун Асан-Чек айылында 57 жаштагы А. У аттуу жарандын «Тойота Коки» үлгүсүндөгү унаасын токтотуп текшерген учурда айдоочу мас абалында болгон.

Автоунаанын арткы отургучун текшерүүгө алганда 1 даана «ТОЗ-БМ16» үлгүсүндөгү 16 калибрдеги 2 найлуу номерлери өчүрүлгөн сайсыз ок атуучу курал табылган.

Факты боюнча сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталган. 

Айдоочу мас абалда болгондуктан унаасы айып короого токтотулуп, өзү ок атуучу куралы менен бирге райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*