Өкмөт: Кара-Суунун мурдагы акими Тилек Матраимов кызматтан расмий бошотулган

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 16-октябрда кызматтан расмий бошотулганын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова «Т-Медиага» ырастады. 

Кадырбекованын айтымына караганда, акимдин милдетин убактылуу райондук администрация башчысынын орун басары Капар Адиев аткарып жатат. Азырынча жаңы район башчысы расмий дайындала элек.

«Кара-Суунун акими боюнча премер-министрдин буйругу Ош өкүлчүлүгөн келген. Андан кийин мыйзамга ылайык жаңы губернатордун буйругу менен акимдин биринчи орун басары убактылуу аким болуп дайындалган. Жаңы аким дайындоо боюнча иштер жүрүп жатат. Социалдык тармактагы маалыматтар чындыкка дал келбейт»,- деди Кадырбекова.

Интернетте Тилек Матраимовдун Кара-Суунун акими кызматына кайрадан келгени боюнча маалымат тарады.

Эске салсак, Тилек Матраимов 24-сентябрда эмгек өргүүсүнө чыккан. Парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктардан улам бир канча бийлик бутактары алмашты. Ушул окуялардан кийин Тилек Матраимов жансакчысы жана тууганы менен 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп берген.

12-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган. Прокуратура анын бөгөт чарасын Жазык кодексинин 358-беренесинин негизинде («Чек арадан мыйзамсыз өтүү») аныктап берүүнү жана бир айга камакка алууну соттон өтүнгөн. Облустук сот Тилек Матраимовдун баш коргоо чарасын 13-октябрда карап, бир айга 9-ноябрга чейин үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Тилек Матраимов 2012-жылдан бери Кара-Суу районун жетектеп келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Автор Т-медиа 11167 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*