ОшМУ: Пакистан биздин окуу жайды кара тизмеге киргизиши негизсиз

Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калды деген маалыматтар негизсиз болушу мүмкүн. Мындай пикирин Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык медицина факультетинин деканы Жаныбек Муратов «Т-Медиага» билдирди. 

Анын айтымында, ОшМУдан бүтүп кеткен студенттердин 70%ы Пакистандын кайра тапшыруу тестинен өтүп, иштеп жатат. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган. Муратов окуу жайларды кара тизмеге киргизүүгө башка нерсе себеп болушу мүмкүн деп божомолдоду.

«Былтыркы жылы бизден 23 пакистандык студент бүтүп кетти. Анын ичинен 16сы ал жактын Медициналык кеңешинин милдеттүү медициналык сынагынан өтүштү. Жылына эки жолу экзамен болот. Быйыл студенттер пандемияга байланыштуу өз өлкөсүндөгү экзаменди тапшыра элек. Бирок бизден дипломун алып кеткен. Ошондуктан бул маалыматты Пакистандын элчилиги айттыбы же башка бирөөдөн чыктыбы билбей турабыз. Буга чейин Пакистанда медициналык стаматологиялык кеңеш деген бар болчу. Кийин аны Медициналык кеңеши деп өзгөрткөн. Алардын өзүндө көптөгөн ЖОЖдор ачылганы үчүн «Кыргызстанга студенттерибиз көп кетип атат» деп ушул жолду колдонуп атышы мүмкүн. 90% бүтүрүүчү экзаменден өтпөй калды дегенине мен жеке каршымын. Бизден бүтүп кеткен студенттер өз өлкөсүндө катардагы дарыгерден тарта, башкы дарыгерге чейинки кызматтарда иштеп атышат», -дейт Муратов. 

Өлкөнүн түштүгүндө бир гана Ош мамлекеттик университетинде пакистандык студенттер окушат. Коомчулукта аталган окуу жайдагы эң коррупциялашкан факультеттердин бири деп медициналык факультет айтылып келет. Жада калса жөнөкөй дене тарбия сабагынан тарта адистештирилген сабактарына чейин студенттер мугалимдерине акча беришери жашыруун эмес. Бул учурда билим деңгээлин жогору деп баалоо мүмкүн эмес дешет серепчилер.

29-октябрда Билим берүү министрлиги Пакистандын Медициналык комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизгени тууралуу маалымат тараткан. Бул жагдайга Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, студент бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргызстандагы Славян университети жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы көрсөткүчтү көтөрүү максатында пакистандык студенттерге болгон кабыл алуу талаптарын катаалдаштырууну сунуштады. Окуу жайлар бул жана башка талаптарды аткарбаса алардын лицензиясы кайра каралмакчы.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*