
Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл экендигин жана министрлик менен ведомстволордун санын кыскарта турганын айтты. Мындай пикирин ал мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев менен жолугушуу учурунда билдирди.
Маматалиевдин пикиринде, болжол менен миңден ашык кызмат ордуна сынаксыз дайындоолор жүрүп, бул өз кезегинде коррупцияга шарт түзүүдө.
«Олуттуу кадрдык реформаларды жүргүзүү зарыл. Биз министрлик жана ведомстволордун санын кыскартууга баруубуз керек. Алган билим жана тажрыйба ээлеген кызматына толугу менен дал келүүсү тийиш. Мугалим финансист боло албагандай эле, инженер да дарыгер боло албайт. Ар бири өз ордуна отуруп, өлкөгө пайда алып келиши зарыл», — деп Садыр Жапаров.
Жапаров кошумчалагандай, мамлекеттик башкаруу тутумун тазалоо үчүн өкмөттө комиссия түзүлгөн, ага ылайык, мамлекеттик кызматка таза профессионалдардын агымын алып келүү үчүн негиз даярдалат. Ошондой эле коомчулуктун көзөмөлү астында мекемелердин бардык кызматкерлерине тандоо жүргүзүлүшү абзел.
Буга чейин Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, өлкөдө реформалар боюнча комиссия түзөрүн айткан. Ошондой эле жакында жасала турган реформа жана экономика тууралуу дагы кеп кылган.
Оставьте первый комментарий