
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы жер титирөөдө каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди.
Башкы консулдук ошондой эле зилзаладан жабыркаган кыргызстандыктар болсо +905351077212 ыкчам номуруна кайрылууну сунуш кылды.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиянын батыш тарабындагы кубаттуу зилзаладан каза болгондордун саны 24 кишиге жетти. Жаракат алгандардын саны 800дөн ашты.
Кечээ, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калды. Сеферихисар аймагында чакан цунами болду.
Мындан тышкары зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилген. Жергиликтүү сейсмологдор анын күчү 6,9 баллга жеткенин кабарлаган. Маселен, Самос аралында кеминде төрт адам жаракат алып, цунами болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.
Оставьте первый комментарий