Коронавирус дагы 484 адамга жугуп, үч бейтап көз жумду

31-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония үч кишинин өмүрүн алды. Каза болгондордун баары Баткен облусунда  катталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Соңку сутка ичинде дагы 484 адам ооруну жугузуп алганы аныкталды. Алардын ичинен 123ү Бишкекте, Ош шаарында — 32, Чүй облусунда — 50, Ош облусу — 43, Таласта — 18, Нарында бешөө, 37си Ысык-Көлдө, Жалал-Абад облусунда — 110 жана 66 учур Баткен облусунда катталды. Илдет жаңы жуккандардын арасында бир киши — медицина кызматкери.

Ошентип, илдет жуккандардын жалпы көрсөткүчү 58 878 кишиге жетти.

Ооруканалардан бир сутка ичинде 461 бейтап айыкты. Жалпы — 49 983.

Учурда 3413 бейтап стационарда, 3767си үй шартында дарыланууда.

Пандемия башталгандан бери оору жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3613 кишиге жетти, алардын 3324ү айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.

2019-жылдын декабрында Кытайдын Ухань калаасынан чыккан вирус 188 өлкөгө тарады.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*