
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алып, ооруканага түшкөндөрдүн арасында 110 бейтап өтө оор абалда жатат. COVID-19 илдетине каршы республикалык штаб 31-октябрда ушундай маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, дагы 892 бейтап оор, 2328и орточо, калган 3413 адам канааттандырарлык абалда деп бааланууда.
Пандемия башталгандан бери бул илдетти жуктуруп алгандардын расмий саны 58 878 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандар — 49 983 киши. Каза болгондор 1145 кишиге жетти.
Учурда 3413 бейтап стационарда, 3767си үй шартында дарыланууда.
30-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония үч кишинин өмүрүн алып, 484 адам ооруну жугузуп алганы аныкталды.
Оставьте первый комментарий