Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 24 адамга жетти

Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиянын батыш тарабындагы кубаттуу зилзаладан каза болгондордун саны 24 кишиге жетти. Жаракат алгандардын саны 800дөн ашты. Бул тууралуу РИА Новости Жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдар агенттигинин маалыматына таянып кабарлады.

Кечээ, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Зилзаланын очогу Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калды. Сеферихисар аймагында чакан цунами болду.

Мындан тышкары зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилген. Жергиликтүү сейсмологдор анын күчү 6,9 баллга жеткенин кабарлаган. Маселен, Самос аралында кеминде төрт адам жаракат алып, цунами болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

Автор Т-медиа 12140 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*