Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. Мындай чечим бүгүн, 24-октябрдагы парламенттин жыйынында кабыл алды. 

Жыйынга катышкан 100 депутаттын баары Талант Мамытовдун талапкерлигин колдоп берди.

«Бүгүн оор кырдаалга карабастан мага ишеним көрсөтүп шайладыңыздар. Мен сиздерге ыраазычылык билдирем. Бүгүн кыргыз эли баарыбыздын колдообузга муктаж. Ишеничиңиздерди актайбыз. Чогуу иш алып барабыз. Бул кызмат келе турган, кете турган нерсе. Абийир, намыс түбөлүк калат. Түбөлүк жашайт»,- деди Мамытов.

Бүгүн жыйында Канат Исаев спикерлик кызматын өткөрүп бере турганын билдирген. Ал мындай кадамын 10-январдагы президенттик шайлоого катышып жатканы менен байланыштырган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо