Башкы прокуратура: Ош мэриясы мамлекетке 70 миллион сомго жакын зыян келтирген

Башкы прокуратура, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовдун токтому менен Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан 25 гектар муниципалдык жер аянты 2 миллион 500 миң сомго бааланып, түз сатуу жолу менен 4-октябрда «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнун менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнүн аныктады. 

Мекемеден билдиришкендей, жерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт 6-октябрда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан берилген. Муну Ош шаардык прокуратурасы иликтеп көрүп, жер аянтынын нарктык базар баасы 72 миллион сомду түзөөрүн, ошондой эле 69 миллион 500 миң сомго аз көрсөтүлгөнүн аныктаган.

Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 миллион 500 миң сом төлөнбөстөн туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган. Жыйынтыгында Ош мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен катталып, тергөө амалдары башталган.

Ал эми Ош мэриясынын вице-мэри Жасур Азимовдун айтымына караганда, жердин сатылышы боюнча эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Арзан сатылды делген 25 гектар жерди буга чейин эле «Кыргыз Текстиль ЛТД» ишканасы иштетип келген. Ага чейин эч нерсеге жарабаган жер болгон. Ошондой эле ал жерди сатып алган компания чоң завод-фабрикаларды курса 70 миллион сом эмес миллиардаган акчаларды алып келет деп жүйө келтирди.

«Аталган «Кыргыз Текстиль ЛТД» ишканасынын инвесторлору бар. Алар «Жер, жеке менчик жер болушу керек» деп шарт коюшкан экен. Инвесторлорунун ал талабынан кийин, ишкер мэрияга келип «Бизге саткалы» деп арыз жазган. Арызды алып УМС деген ишканага тапшырма бергенбиз. Ошол арыздын негизинде бардык ишканалар корутунду бериши керек эле. Анын негизинде, андан соң биз комиссияга алып чыгышыбыз керек. Биз ал жерди баалашыбыз керек. Андан мурун мыйзам чегинде тендер өткөрүшүбүз керек. Баалоого алып чыккандан кийин карап чыгабыз. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Ошонун негизинде биз алып-сатуу жүргүздүк. Эми прокуратура бизге «Жерди арзан сатып жибердиңер» деп жатат. Эмненин негизинде ошончо сумма чыкты биз аныктап чыкканбыз. Ал жерге чоң ишканалар түшөт.  70 миллион сом эмес миллиарддаган акча келет»,- деди Азимов.

Ош мэриясы менен Осмоновдордун жең ичинен кызматташтыгы

Буга чейин Ош мэриясы пандемия учурунда каражаттын тартыштыгына карабастан Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү боюнча ири курулуш баштап тендер жарыялаган.

Бирок бир канча мүчүлүштүктөргө карабай, курулуштун долбоорлоодо Нурбек Осмоновго таандык «Ак-Башат» долбоорлоо иниституту утуп чыккан.  Экинчи тендерде да курулушту аткара турган «Капитал Курулуш» компаниясы утуп чыккан. Бул компания дагы Нурбек Осмоновго таандык.

Ажибай Пайзидин уулу
Автор Ажибай Пайзидин уулу 1415 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо