Кулов: Конституциянын жаңы долбоору өтө турган болсо октябрдагыдан жаман окуялар болот

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов сунушталып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорун кароо жана кабыл алуу акылга сыйбай турган көрүнүш экенин билдирди. Мындай пикирин ал 20-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан жарандык коомдун «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйынында айтты.

Саясатчы Конституциянын жаңы долбоору өтө турган болсо, кийинки жылы күздө октябрдагыдан жаман окуялар болорун эскертүүдө.

«Бул Конституция өтө турган болсо, эл кабыл алат. Анткени булар популизмге барып атат. Эл бир кожоюн болушун каалап атат. Бирок эске сала кетейин. Буга чейин парламент болгону менен президент эле башкарып келбеди беле. Садыр Жапаровго айтуу керек, бул лакмус кагазы анын саясий жактан жетилгени үчүн сыноо. Эгер, бул Конституция өтө турган болсо эмки жылы күздө октябрдагыдан жаман окуялар болот. Эмнеге? Азыр экономика жарга келди. Мындай кыргыз тарыхында такыр болгон эмес. Оору күчөп атат. Мигранттар кайтып келип жатат. Булар болсо куру убадаларды берип атат. Алар аткарылбаса эл Садыр Жапаровду кууп чыгары турган иш», -дейт Кулов. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев өзү президенттик башкаруунун жактоочусу болгону менен азыркы жаңы долбоорду колдобой турганын айтты.

«Жогорку Кеңештин мөөнөтүн узартуу азыркы мыйзамга жол ачууда. Парламенттин мөөнөтү 28-октябрда бүтөт. Салык төлөөчү катары мен бул парламентти баккым келбейт. Садыр Жапаровго жана тарапташтарына айткым келет, кандай келсе ошондой кетет. Мен президенттик башкаруунун жактоочусумун. Бирок азыркы жаңы долбоорду колдобойм», -деди ал.

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Демилге кабыл алынса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум да өтүшү мүмкүн.

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Ал эми кол койгон айрым депутаттар долбоорду ким жазганынан кабары жок экенин, анын мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдиришкен.

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо