Министрлик эмне үчүн мал жандыктарын экспорттоого тыюу салынганын түшүндүрдү

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев малды экспорттоого тыюу салуунун негизги себептерин атады. Алардын бири  асыл тукумдун кыскарып кетиши. 

«Эгерде азыр тыюу салбасак, анда бизде эт менен байланыштуу көйгөйлөр быйыл дагы, кийинки жылдары дагы чечилбейт. Малдын асыл тукумун сактоо мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү милдет. Жасалма уруктандыруунун жардамы менен эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул үчүн министрликтин алдындагы «Элита» айыл чарба жаныбарларын жасалма жол менен уруктандыруу боюнча республикалык асыл тукум станциясына экинчи жел берүүнү пландап жатабыз», -дейт ал. 

Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу социалдык маанилүү товарларды сыртка экспорттоого тыюу салууну сунуштап жатат. Убактылуу тыюу салууга сунуш кылгандардын арасында тирүү мал-жандыктар, дан эгиндери жана айрым товарлардын түрлөрү бар. Мисалы, бодо мал, кой-эчки, үй канаттуулары, дан эгиндеринен арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну. Министр өсүмдүк майын, кумшекерди, тоок жумурткасын, йоддолгон тузду жана малга берилүүчү тоюттарды (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин жеми) да сыртка ташууга тыюу салууну сунуш кылып жатат.

Тиешелүү жарлык премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Кыргызстанда октябрь айында 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк 8,9% кымбаттаган. Учурда Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы күндөн-күнгө кымбаттап жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, кымбатчылыкка доллардын кунунун өсүшү жана тышкы жагдайлар себеп болууда. Кыргызстан азык-түлүктүн 60% ашыгын чет өлкөдөн ташыйт. Мунун айынан азык-түлүктүн баасы дагы өсүшү мүмкүн деген божомолдор бар.

Айыл чарба министрлиги мал жандыктарын экспортоону тыюуну сунуштоодо

 

 

 

 

 

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 3470 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо