Кара-Суудагы депутаттар: УКМК Мунар Сайпидинов боюнча 7 фактыны иликтеп, жоопко тартсын

Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин депутаттары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидиновдун ишин тыкыр иликтеп жоопко тартууну талап кылышты. 

УКМК 18-ноябрда Сайпидиновдун үйүн тинтүүгө алып, иш бөлмөсүн мөөр басып жаап салган. Ошол эле учурда Сайпидинов социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасап, өзүнө коюлган дооматтар негизсиз экенин, саясий куугунтук менен ишине тоскоолдук кылып жатышканын айткан.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгунүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова Сарай жана Савай айыл өкмөттөрүндө финансылык мыйзам бузуулар бар экенин, аны УКМК териштирип жатканын билдирди.

Сайпидиновдун кайрылуусунан кийин Савай айылдык кеңешинин депутаттары коомчулукка, укук коргоо органдарына жана бийликтегилерге кайрылды. Алар УКМКдан Мунарбек Сайпидиновдун кылган мыйзамсыз иш-аракеттерин тыкыр иликтеп чыгып, төмөнкү жети факты боюнча жоопко тартууну талап кылышты.

  1. «Кең-Сай айылындагы №1 Шайпаңдын (Полевой стан) менчиктештирилиши»;
  2. «Кең-Сай айылындагы №2 Шайпаңдын менчиктештирилиши»;
  3. «Кең-Сай айыл аймагында жайгашкан №56 орто мектебинин аймагындагы жерлердин жеке менчикке берилип кетиши»;
  4. «Савай айылындагы спорт залдын курулушу үчүн жергиликтүү депутаттардын макулдугусуз үч миллион сомду кошуп алгандыгы боюнча»;
  5. «Савай айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттоо үчүн жергиликтүү депутаттардын макулдугусуз төрт миллион сомду кошуп алганы боюнча»;
  6. «2017-жылдын 1-декабрындагы Савай айылдык кеңешинин VII сессиясы кворумсуз өткөрүлгөнү»;
  7. «Айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидиновдун соттуулугу жана анын эмгек китепчеси боюнча. Ошондой эле айыл өкмөттүн башкы бухалтери Ж. Караходжаеванын соттуулугу боюнча».

Савай айыл аймагынын депутаты Замирбек Султановдун айтымына караганда, Мунарбек Сайпидинов тарабынан жергиликтүү депутатарга коркутуулар көп болуп келген. Анын жыйынтыгында Мунарбек Сайпидинов 26 жаштагы Али Байымбетов аттуу өкүл баласын айылдык кеңештин депутаты кылып шайлаган. Ошондой эле ал Сайпидиновдун видео кайрылуусуна төмөнкүдөй комментарий берди.

Замирбек Султанов

«Сайпидиновдун кайрылуусунда менин да атым аталыптыр. Мен Ошто 19 жылдан бери жактоочу болуп иштейм. Кимге жактоочу болдум кимге болбодум ал менин мыйзамдуу укугум. Мен Ташиевдин атын сатып бирөөдөн мүлк же акча талап кылган эмесмин. Ошондуктан бул далилденбеген сөз. Өзүн коргоо үчүн айтылган провакация. Буга чейин көп депутатардын үстүнөн коркутуулар болгон. Сессияларга түздөн-түз кирип өзүнүн таасирин көрсөтөт болчу. Өзүнүн койгон маселелеринин оң жака чечилишине депуттарды таасирин тийгизет болчу.  Аны убагында эч ким айта алган эмес. Эми баары эле айта алат. Мисалы 7 факты боюнча он үч депутат кол коюп арызыбызды бергенбиз. Прокуратура тарабынан сурак болгон учурда басымдын айынан көптөгөн депутатар өзүнүн жазган арызын колдоодон баш тарткан. Тактап айтканда мен түшүнбөй, билбей кол коюп алыпмын деп шылтоо айтышкан»,- деди Султанов.

Аталган айыл аймактын депутаты Медербек Орунбаев айыл өкмөт башчысы Мунарбек Сайпидинов, парламенттик шайлоодон бери жумушка чыга электигин билдирди. Ал депуттар айылдык кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүү үчүн арыз жазышканын, бирок жыйырма күн өтсө да жыйын уюштурулбай жатканын айтат. Жыйын өтө турган болсо, Сайпидиновдун кызматы караштырылмак.

Медербек Орунбаев

«УКМК биз мурдагы жазган арыздардын негизинде текшерүү жүргүзүп жатса керек.  Айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидинов «Менин үстүмдөн саясий куугунтук болуп жатат» деп айтууда. Ага эч кандай куугунтук болгон жок. Парламенттик шайлоодон бери айыл өкмөт жок жергиликтүү кеңештин сессиясы дагы уюштурулбай жатат. Төрага кылып өзүнүн инисин коюп, жыйынтыгында мыйзамсыз иштер көп болуп кетти деп ойлойм. Бул өзүнүн ишинен коркуп эле айыл өкмөткө келбей жүрөт. Сайпидинов өзү айыл өкмөт болгондон бери эле ишке келсе келет, Келбесе жок. Бир жумада бир же бир айда эки ирет гана келген. Муну баарын эле билет. Ал жерге барып камераларды карап, текшерсе болот. Сураштырса да болот»,- деди Орунбаев.

Айылдык кеңештин дагы бир депутаты Бакыт Садиров буга чейин Мунарбек Сайпидиновдун үстүнөн жазган арыздарды укук коргоо органдары толук кандуу териштирбей келгенин кошумчалады.

Ал эми айыл өкмөт башчы Мунарбек Сайпидинов жергиликтүү кеңештин депутатарынын келтирген жүйөлөрүн толугу менен четке какты. Анткени буга чейин укук коргоо органдары аталган жети факты боюнча текшерип мыйзам бузуу табышкан эмес. Ошондой эле жогоруда аты аталган депутаттар Сайпидиновдон кызмат талашып жатканын билдирди.

«Булардын максаты, мени иштен кетирүү. Эгер алар мен сыяктуу жергиликтүү бюджетти эки эсеге көтөрөм деп убада беришсе, ордумду бошотуп берем. Мен өкмөткө барганда бюджет 14 миллион болчу. Аз убакыттын ичинде  29 миллионго көтөрдүм. Мен иштеген учурда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Бул кадамдары саясий куугунтук.  Данияр Төлөнов аттуу (ред ЖК депутаты) аткаминер Асылбек Жээнбековго кошулуп өткөн парламенттик шайлоодо да мага саясий куугунутук кылышкан. Иштетпей жатышат»,- деди Сайпидинов.

Сайпидинов деген ким?

Мунарбек Сайпидинов 1988-жылы Кара-Суу районунун Савай айылында туулган. Ал өткөн парламенттик шайлоодо депутаттыкка «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинде 126-катарда ат салышкан. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы, Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин аталаш тууганы.

Ал Савай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2016-жылы шайланган.

Автор Т-медиа 10875 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*