Ош: коронавирус күч алганда кечеңдеген оорукана

Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасы бул жолу да убадалган убакытта бүтпөй калды. Акыркы мөөнөт 25-ноябрга берилгени менен курулуш толук бүтө элек. Азыр 95%дык жумуш аткарылып, калган иштер каржы маселесинен улам кармалып турат. Мындан улам «Коронавирустун экинчи эпкини башталганга чейин бүтмөк болгон инфекциялык оорукана эми качан пайдаланууга берилет?» деген суроо ачык турат. 

Ош шаарындагы инфекциялык оорукана акыркы коюлган мөөнөт боюнча 25-ноябрда пайдаланууга берилиши керек эле. Белгиленген убакытка болгону бир күн калды. Бирок курулуш 95%га аткарылган боюнча аягына чыкпай турат. “Капитал курулуш” ЖЧКсынын прорабы Абдусалам Бадалов бүткөрүлүшү улам артка жылып, кечеңдеп жатышы каржыга келип такаларын айтат.

«Башында курулуш эч кандай долбоорсуз, архитектуралык чийими жок жана сметалык баасы аныкталбай, болжол менен 62,5 миллион сомго бүтөт деген келишим болгон. Ошол акчанын тегерегиндеги иштерди бүткөрдүк. Жумуштун жалпы көлөмүн эсептегенде жумшалган сумма 107 млн. сом болуп калды. Анын 14%ы мамлекеттик кыскартуулар менен эске алынганда, 92 млн. сомго бүтүп атат. Ал эми бизге 62 миллион сом гана бөлүнүп, калганынын качан которулушу анык эмес болуп турат. Ушул күндөрдө которобуз деп атышат. Эгер, каражат бөлүнсө эле он күнгө жетпей оорукананы бүткөрүп беребиз», -дейт “Капитал курулуш” ЖЧКсынын прорабы Абдусалам Бадалов. 

Башында имарат металлоконструкция менен салынып, бир ай ичинде бүтөрү кабарланган. Кийин сентябрь ичи деп айтылып, анда да бүткөн жок. Эми ноябрга да үлгүрбөй, акыркы үмүт кийинки айга калды.

«Акыркы мөөнөт 25-ноябрь делген эле. Бүгүн эми 24-ноябрь болуп калды. Азыр эми 1-декабрга чейин бүтүп калар деп үмүттөнүп жатабыз. Жамааттын баары ишке чыгалы, оорукана качан бүтөт деп кайра-кайра сурап атышат. Биз курулуш бүтсө эле иш баштаганга даярбыз», -деди Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Бакай Акматов.  

 

100 орунга ылайыкташып салынып жаткан инфекциялык оорукананын ичи толук бүтүп, азыр сырткы иштери гана калды. Каражат бөлүнсө эле калганын 10 күнгө жетпей бүткөрөбүз деп убадалайт “Капитал курулуш” компаниясы. Азыр имараттын ичине керебеттер коюлуп, кислороддук концентрант системасына туташтырылды. Ар бир палатада кислороддук концентрат линиясы жасалма дем алдыруучу аппаратка уланат. Анын ар бири жогорку басым менен 20 литрге чейин кычкылтек бөлүп берет.

Үч бөлүмдөн турган инфекциялык оорукана азырынча коронавирус менен кайрылган бейтаптарды дарылайт. Ошол себептүү бейтапкана коронавирустук борбор деп аталып, бейтаптар менен байланыш да чектелет.

«Ар бир палатада өзүнчө кичинекей терезелер болот. Ал аркылуу тамак-аш, дары-дармек алып келип, бейтаптар менен байланышты болушунча азыраак кылабыз. Жандандыруу бөлүмүндө болсо нөөмөттөгү дарыгерлер тосмо терезелер аркылуу аралыктан бейтаптардын абалын байкаштырып турат. Ал эми коронавирус менен ооруп келген киши жалпы коридор аркылуу эмес, өзүнүн палатасына сырттагы эшик аркылуу түз кирип барат», -дейт Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери Адина Аманбаева. 

«Бул оорукана «Коронавирустук борбор» деп аталган атат. Анда жашыл зонада сурап-билүү борбору, күндүзгү жана дарылоо стационарлары бар», -деп жооп берди Бакай Акматов. 

Коронавирустан улам металлоконструкция  менен салынган инфекциялык оорукана пандемия толук токтогондон кийин мурдагыдай жугуштуу ооруларды кабыл алып, кадимки тартипте иштей баштайт. Ага чейин коронавирустук борбор катары заманбап шартта бейтаптарды дарыламакчы.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4040 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо