Финансы полициясы Тайырбек Сарпашевге карата иш козгоду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге кылмыш иши козголгонун билдирди. 

Финполдун маалыматында Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ошондой эле ал мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп жүрүп көптөгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болгон. Мындан сырткары ал мүлктөрдү жакын туугандарына каттатып, декларацияларда көрсөтпөй койгону айтылат.

Бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сарпашев суракка чакырыла турганы айтылган.

11-ноябрда Сарпашевдин үйүндө «Г.Э.» ЖЧКсы менен байланышкан «Коррупция» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүлгөн.

Тайырбек Сарпашев 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр, 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1501 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо