Ош мэриясы менен шаардык кеңештин ортосунда ажырым болуп жатканы айтылды

Ош шаардык кеңешинин депутаты Акбаралы Батыров мэрия менен шаардык кеңештин ортосунда ажырым пайда болгонун айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-ноябрда мэриянын отчетун угуу  боюнча болуп жаткан жыйында билдирди. 

Батыровдун айтымына караганда, мэрия менен шаардык кеңештин ортосунда ажырым болуп жатканынын эки себеби бар. Биринчиси пандемия. Экинчиден шаардык кеңештин мөөнөтү бүтүп жатканына байланыштуу жетекчилер депутаттарды көзгө илбей жатат.

«Пандемия март айынан башталган болсо, биз чогулуп биринчи сессияны өткөрүп жатабыз. Акыркы маалда мэрия менен шаардык кеңештин ортосунда бири-бири менен жумушташуу, акылдашуу боюнча ажырымдар пайда болду. Өзүңүздөр жакшы билесиздер. Буга мен ойлойм пандемиянын күчөп кетиши, экинчиден бул чакырылыштын мөөнөтүнүн бүтүп жатышы себеп. Анча мынча жетекчилер көз кырын башкача карап салып баштады. «,- деди Батыров.

Мындан улам, ал шаардык кеңештин депутаттары менен мэрияны айтылган сындарды туура кабыл алып биримдикте иштөөгө чакырды. Ошондой эле пандемия учурунда иштеген медиктерге жана бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Шаардык кеңешинин депутаттары Ош мэриясынын 9 ай ичинде аткарган жумуштары боюнча отчеттун угуп жатат.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо