Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору 1-декабрдан ишке кирбейт. Фактчек

20-ноябрда «Ынтымак» сайты Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт деген маалымат таратты.

Алар бул маалыматты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысынын орун басары Нур Сатыбалдыевдин жообуна таянып жарыялашкан.

Ушул эле маалыматты 21-ноябрда «Ош Пирим» сайты Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору 1-декабрдан ишке кирет деген темада жарыялашты.

Анда учурда шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан камераларды ишке киргизүү, электрондук системага өткөрүү иштери жүрүп жатканы айтылат. Жол эрежесин бузган ар бир учур электрондук видеобайкоо аркылуу көзөмөлдөнүп, айдоочуга «айыппул каты» жиберилери маалымдалган. 

Эртең, 1-декабрдан Ош шаарында «Коопсуз шаар» ишке кирсе видеокамералар, жол белгилери орнотулдубу? Шаардыктардын мындан кабары барбы? 

«Т-Медиа» «Коопсуз шаар» долбоорунун чынында декабрдын башынан ишке киришин текшерип көрүүнү чечти.

Буга чейин «Марал», «Т-Медиа», «Клооп», «Турмуш» басылмалары Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирери тууралуу бир нече ирет жазышкан. 

maralfm.kg сайты долбоор 2019-жылы ишке кирет деп жазган. Биздин редакция Ош шаардык Жолдор башкармалыгынын маалыматына таянып, «Коопсуз шаар» 2020-жылдын сентябрынан иштей баштарын маалымдаган.

Ал эми “Клооп” басылмасы долбоордун алкагында Ош шаарындагы 35 кесилиштин ар бирине жол кыймылынын эреже бузууларын аныктаган кеминде 18 байкоочу камера коюларын жазган. Бирок кайсы күнү ишке кириши тууралуу материалда сөз болгон эмес.  

Расмий билдирүү

Ош шаардык жолдор башкармалыгы «Коопсуз  шаар» долбоору декабрдан ишке кирет деген маалыматты четке какты. Мекеменин башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, «Коопсуз  шаар»  тууралуу акыркы бир жылдан бери тынбай айтылып келгени менен жүзөгө аша элек.

«Бул маалыматты эмненини негизинде айтып жатканын билбедим, туура эмес. Шаардагы бир да кесилишке видеокамералар орнотула элек. Болгону жол белгилерин даярдап койдук. 1-декабрдан баштала турган болсо биз тургундарга маалымат айтат элек да. Кийинки жылга калат», -деди Жунусов.  

Демек, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлүнүн билдирүүсү жергиликтүү бийликтин маалыматына карама-каршы келет.  

Жыйынтык: Ош шаарында 1-декабрдан тартып «Коопсуз шаар» ишке кирбейт. Долбоор качан башталары азырынча белгисиз. 

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*