Садык Шер-Нияз президенттик жарыштан четтегенин билдирди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттик шайлоого талапкер катары катталган Садык Шер-Нияз чоң жарыштан четтегенин жарыялады. Саясатчы мындай чечимди президенттик шайлоого бараткан Садыр Жапаровго менен жолугушкандан кийин кабыл алганын билдирди.

Садык Шер-Нияз «Фейсбуктагы» түз эфир учурунда мындан ары саясаттан кетип коомдук, маданий иштер менен алек болорун айтты.

«Менин максатым маданият тармагынын өкүлдөрүнүн үнү угулуусун, билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу жарышта жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар, алдыда келе жаткан фаворит киши Садыр Жапаров менен сүйлөшүү туура болду деп эсептейм. Чынында азыр көпчүлүк эл Жапаровду колдоп жатканын, аны лидер катары таанышарын көрдүм. Мен саясатчыл эмесмин деп айтып жүргөм. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин талапкерлигимди алып салууну чечтим. Маданият, билим берүү тармактарында Садыр Жапаров менен биргелешип иштешүүгө болоруна көзүм жетти. Парламентаризм боюнча позициямда турам», -деди Садык Шер-Нияз.

Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров 30-ноябрда жолугушкан.

Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидери Өмүрбек Текебаевге берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*