УКМК Кадыр Досоновго издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн, 30-ноябрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыяланганын билдирди. «Дженго» каймана аты менен таанылган Досонов оор кылмышты жасоого катыштыгы бар экени аныкталган. 

УКМКнын маалыматына ылайык, 28-ноябрда сотко чейинки териштирүүдөгү тергөө учурунда Досонов оор кылмыш кылган деп шек саналып, ошол эле күнү Ош шаардык соту аны камакка алуу түрүндө (сыртынан) баш коргоо чарасын карап, издөөгө жарыялаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кадыр Досоновдун жүргөн жерин, ошондой эле анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо боюнча иш алып барып жатканын маалымдаган.

Автор Т-медиа 12144 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*