
Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө COVID-19 илдети 335 адамдан аныкталды. Анын 12си медицина кызматкерлери. Ооруну жуктургандардын басымдуусу Чүй облусунда болду. Ошол эле учурда айыгып чыккандардын саны 478ди түздү. Тилекке каршы, Бишкек шаары менен Ош облусунда эки бейтап каза болду.
Республикалык штаб тараткан маалыматка ылайык, жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек — 84
Ош — 28
Чүй облусу – 107
Ош облусу — 35
Талас облусу — 2
Нарын облусу — 15
Ысык-Көл облусу – 25
Жалал-Абад облусу – 17
Баткен облусу — 22.
Пандемия башталгандан бери жалпы илдет жуктуруп алгандардын саны 73513 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 65 189. Каза болгондордун саны 1277ге жетти. Учурда Стационарда 2651, амбулатордук дарыланууда 3600 бейтап бар.
Пикир калтыруу