Аксыда эл чек ара маселесинен улам топтолгон. Абал тынч

Жалал-Абаддын Аксы районуна караштуу Авлетим айыл өкмөтүнүн Дейре-Сай участогунда элдер топтолгону боюнча видео социалдык тармактарда жарыяланды. Анда жергиликтүү тургундар «коңшу өлкө биз тарапка кирип кетти» деген жүйө келтиришкен.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган аймакта эки тараптуу делимитация жана демаркация иштери жүрүп жатат. Абал тынч.

«Жергиликтүү тургундардын барганынын себеби, мамлекеттик деңгээлде чек ара кызматтары делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүп жатышат. Тургундар «алар биз  жака кирип кетишти» деп туура эмес тараган маалыматтан улам чогулушкан. Бирок ал жерде эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда жерди тартипке келтирүү иштери жүрүп жатат»,- деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми Аксы районунун акими Эсеналы Ормоналиевдин айтымында, эки тараптын делимитация жана демаркация иштери 2017-жылы такталган келишим боюнча жүрүп жатат. Ошондой эле Өзбекстан тарап чек арасын GPS, карта аркылуу аныктап жатат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашуу жетишилгени кабарланган.

Пайзидин уулу Ажибай
Автор Пайзидин уулу Ажибай 1441 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо