Баткенде алты баланын энеси изделүүдө. Ал окуучу кызын турмушка бергени үчүн милицияга сурак берип жаткан

Баткендин 45 жаштагы тургуну Аймактым Кожонова бир жумадан ашык убакыттан бери изделип жатат. Жакындарынын айтымында, ал милицияга сурак берип чыккандан бери дайынсыз. Укук коргоо органы мындай доолорду четке кагууда. 

Аймактым Кожонова —  Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну. Ал 20-ноябрдын кечинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ошол күнү Кожонова жолдошу экөө жашы жете элек кызын турмушка узатканы үчүн Баткен ШИИБге сурак берип чыгышкан. Кайненеси Бүзейнеп Рахманова окуя тууралуу буларды айтып берди:

«Кызы 11-класста окуйт болчу. Бир жигит менен сүйлөшүп жүргөн экен. «Кой» деп тыйсак эч кулак салбай, жигити ала качып кетти. Мугалимдери кыздын ата-энесин сотко берип койду. Келиним аябай коркок жан болчу. «Өзүңү жеке сурайт экен» деп (ред-милицияга сурак бергени) кайра-кайра айтып, кыжаалат боло берди. Милиция «Энеси болуп туруп, жашы жете элек кызыңы эмнеге турмушка бердиң?» деп сураптыр. Эртеси да суракка барышмак. Ошол күнү кечки саат сегиздерден кийин (ред-20-ноябрь) таппай калдык. Сурак бергени эки күн каттаган. Үчүнчү күнү жок. Кызы менен эшикке чыгып, «сен кирип тура бер» деген экен. Эч кимге эч нерсе деп айткан эмес. Үй кийимдери менен эле чыгып кетиптир. Милицияга кабар бердик. Ошол күнү түнкү саат төрткө чейин издедик. Милиция, ӨКМ, айылдын эли, тууган-урук баары издеп чыкты. Сурабаган адамыбыз, барбаган жерибиз калбады». 

«Кызынын турмушка чыкканы оор тийди»

Туугандарынын айтымында, Аймактым Кожонова оор басырыктуу, жөнөкөй, көп сүйлөбөгөн, жоош аял болгон. Жакындары ал 17 жаштагы кызынын турмушка чыкканынан улам стрессте болгон дейт.

Жашы жете элек кызын күйөөгө берген ата-эне бул окуяны коомчулукка ачыктабай эле коюну Кызыл-Жол орто мектебинин директору Махамат Алимовадан суранышкан. Бирок жетекчилик мыйзам баарына бирдей экенин эскертип, Баткен шаардык билим берүү башкармалыгына жана аймактагы өспүрүмдөр жана балдар менен иштөө инспекциясы билдирүү берген.

«11-ноябрдан сабак салттуу уланып баштады. 16-ноябрда жумушка барсам класс жетекчиси бул кыздын үч күндөн бери сабакка келбей жатканын айтты. Атасына чалса кызы ооруп калганын, дүйшөмбүдөн мектепке барарын убадалаптыр. Биринчи күнү окууга келбегендиктен класс жетекчиси менен соцпедагог кыздын үйүнө барышты. Кайра эле «Кызды кечээ турмушка беришиптир» деп  келишти. Алар мага жаңылыкты айтып атканда эле кыздын ата-энеси, кайын-журту болуп беш киши мектепке жетип келишти. Алар менден бул окуяны жаап-жашырып коюну суранышты. «18ге толо элек кызды кантип турмушка бересиңер? Мен бизден жогорку тиешелүү кызматтарга кайрылам» дедим. Ошентип, шаардык билим берүү башкармалыгына жана өспүрүмдөр жана балдар менен иштөө инспекциясына билдирдим. Бул аял тогуз күндөн кийин жоголуп атат. Ага мектептин эч кандай тиешеси жок».

Милицияга жоголгон жаран тууралуу арыз 23-ноябрь күнү келип түшкөн. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Дайынсыз жоголуу» деп каттап, укук коргоо кызматкерлери менен чогуу тиешелүү жарандар издөө иштерин жүргүзүүдө. Мекеменин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова сурак учурунда аялга эч кандай кысым болбогонун белгилейт.

«Мектепте окуган кызы турмушка чыгып кеткен боюнча ата-энесинин үстүнөн Кызыл-Жолдогу мектептин атынан милицияга арыз келип түшкөн. Иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок эч кандай маалымат жок. Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу тергөө иштерин айта албайм. Аялды күйөөсү экөөнү 20-ноябрь күнү милицияга суракка чакырган. Жалгыз келген эмес, жолдошу менен чогуу келген. Бир саатка жетпей сурак берип, жакшы маанайда эле кетишкен». 

3-декабрда Кожонованын туугандары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жардам көрсөтүү суранычы менен кайрылган. Мекеменин басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын маалыматында, облус башчы Жаныбек Жалалов бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарын күчөтүлгөн тартипте издөө жүргүзүүсүн тапшырган. Учурда өлкө боюнча жана коңшу Тажикстан менен Өзбекстанда дагы издөө жүрүп жатканы тууралуу маалым кат берилген.

Аймактым Кожонованын алты баласы бар. Ал эми анын турмушка чыккан кызы үч айдан кийин 18 жашка чыгат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо