
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгында каржылык мыйзам бузууну аныктады.
Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, капиталдык курулуш башкармалыгы «С.Т.» ЖЧКсы менен Ош шаарындагы Кеңсай турак жай конушуна кирүүчү жана айыл ичиндеги жолдорду куруу боюнча келишим түзүп, жалпы суммасы 42,9 миллион сомдон ашык акча которгон.
Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин объект пайдаланууга бериле элек. Ал эми аткарылбай калган жумуштун көлөмү 13 миллион сомго жакын каражатты түзгөн.
Финансы полициясынын маалыматында 26-ноябрда аталган ЖЧКнын жетекчиси «П.Т» деген жаран кармалган. 28-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза өтүү чарасы колдонулган.
Учурда тергөө иштеринин алкагында аталган ЖЧКнын ишине катыштыгы бар кызмат адамдар аныкталып жатат. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтарып берүү иштери жүрүп жатат.
Оставьте первый комментарий