Депутат Аккулу Бердиев коронавирус пандемиясынан каза болгондор Чоң-Алай районунда көп катталып жатканын айтып, саламаттыкты сактоо министрлигин кошумча жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ошондой эле ал Чоң-Алай району боюнча болгону бир УЗИ менен бир гана рентген аппараты бар экенин, алар элди тейлеп жетишпей жатканын айтты.
“Чоң-Алай районундагы ооруканаларга методикалык жардам көрсөтүүгө шарт түзүп берсеңиздер. Ал жакта болгону бир гана УЗИ, бир рентген аппараты бар экен. Эл аппаратка түшүү үчүн жүз чакырым алыстыктан келип кыйналып жатат. Ал жак деңиз деңгээлинен үч миң метрден бийик, тоолуу район. Жашоо шарты өтө оор. Ошондуктан саламаттыкты сактоо министрлиги методикалык жардам берип дарыгерлерди жөнөтүш керек. Бүгүнкү күндө коронавирус пандемиясынан айылдарда тургундар билинбей көп каза болуп жатат деп айтып жатышат. Ошого жардам берүү жагын сунуштасаңыздар”- деди Бердиев.
Чоң-Алай райондук Абибилла Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун жетекчиси Ысламидин Бакиров эл өкүлү Аккулу Бердиевдин айтканын бышыктады.
“Бизде адистер мурунтан эле жетишпей келе жатат. Учурда бизде кызыл зонага 14 күнгө кирет андан кийин жети күн обсервацияга алынып жатат. Ошентип 21 күн жумушта болбой калат. Азыр эми коронавирустарды жуктургандардын саны азая баштады”,- деди Бакиров.
Ал, кошумчалагандай, оорукананын айылдардагы төрт филиалында медициналык жабдыктар чын эле жетишсиз.
Оставьте первый комментарий