Ошто «Биримдик» партиясынын мурдагы штабына муниципалдык кызматтын жетекчилери топтолду. Видео

3-декабрда Ош шаарында «Биримдик» саясий партиясынын мурунку штабында бир катар муниципалдык кызматтын жетекчилери чогулушту. 

«Т-Медианын» журналисттери алардын иш маалында эмне кылып жүргөнүнө кызыгып, партиянын Ош шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун мурдагы имаратында жайгашкан штабына барды.

Партиянын короосуна иш учурунда Ош мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын директору Кутманалы Абдрахман уулунун кирип кеткенин көрдүк. Мындан тышкары Жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовду жолуктурдук. Ал мекеменин кире беришиндеги асфальт жол чөгүп кеткенин угуп, андан кабар алганы келгенин билдирди.

«Мен асфальт чөгүп кеткен үчүн келдим. Бул жерден чоң жүк ташуучу унаа кирген же болбосо канализациядан суу чыккан. Мен имараттын ичине кирген жокмун, кимге караштуу экенин да билбейт экем». 

Штабдан «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловду да учураттык. Бирок аны камерага тартып үлгүрбөдүк. Биз андан иш учурунда муниципалдык кызматкерлер штабда эмне кылып жүргөнүн сурамак болгонбуз. Ал телефон менен сүйлөшүп, бизден өзүн ала качып койду. Нурбек Исмаилов быйыл октябрдагы парламенттик шайлоого бийликчил «Биримдик» партиясынын тизмесинде катышкан.

«Т-Медианын» өздүк булактары муниципалдык кызматтын жетекчилерин «Биримдиктин» мурдагы штабына Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев чакырганын билдирген болчу.

«Сөзсүз чара көрөм»

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 3-декабрда TMG телеканалынын «Адил сөз» берүүсүндө «Биримдик» саясий партиясынын мурунку штабына буга чейин айрым жетекчилер барганын ырастады. Журналист Марат Акимбек уулу мэрге «Жетекчилердин штабка барган учурун социалдык тармактардан көрүп калсаңыз чара көрөсүзбү?» деп суроо узатты. Сарыбашов мындан кийин бир дагы кызматкер барбайт деп ишендирди.

«Бүгүн түшкө чейин аппараттык жыйын өткөрүп, протоколдук тапшырма берилди. Мен жакын арада ооруканадан чыгып келдим. Ага чейин штабка анча-мынча жетекчилерди чакырган бир-эки учур болуптур. Сөзсүз чара көрөм. Эскертүүлөрдү бердик».

Бул партиянын штабына мамлекеттик кызматкерлер чогулган биринчи учур эмес — буга чейин  журналисттер бир канча ЖОЖдордун ректорлорунун, муниципалдык ишкана жетекчилеринин, жана алардын орун басарларынын «Биримдик» партиясынын штабына иш убагында чогулушканын байма-бай айтып чыгышкан.

Ошто партия штабында кайрадан мамкызматкерлер чогулду. Видео

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*