Кара-Суу районунүн Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жерлер мыйзамсыз сатылганбы? Видео

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын тургундары аталган айыл өкмөттүн башчысы жерлерди мыйзамсыз сатып жатат деген нааразылыгын айтып чыгышты. 

Айылдык кеңешинин депутаты Дилмурат Рахманов айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаровду Сүрөө-Таш айылындагы 40 сотых жерди мыйзамсыз сатуу аракетин көрүүдө деп айыптоодо. Анын айтымында, мындан сегиз жыл мурун аталган жер участогу айылдык кеңештин токтому менен мүрзө куруу үчүн ажыратылган. Бирок ал тилке буфердик зонага кирген үчүн маселе ошол бойдон токтоп калган. Капаров маселени кайра козгоп, Кызы-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-декабрындагы сессиясына кайрадан киргизген.

“Үч-төрт депутат “Бул участок тарыхый жай экен, элдин жери боюнча кала берсин” деп каршы болгонбуз. Сессияда отурган жөнөкөй эки жаран “Биз ал жерге акча бергенбиз” деп биз менен урушуп кеткен. Маселе түшүнүксүз болуп, ошол бойдон калып кетти. Бирок быйыл жай айларында бул жерге мыйзамсыз мал сарай курулуп калыптыр. Тегерек четин бүт тосуп чыккан. Мындан тышкары эки миң түп жаңгак тигиптир. Жердин кыртышын бузуп, топуракты коңторуп салган. Бул мүмкүн эмес. Же Экологиялык институттун чечими жок. Кара-Суу райондук прокуратурасы иш козгошу керек эле. Айыл өкмөт башчы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, курулуштарды токтоткон эмес. Кайра уруксат берген, жумушуна шалаакалык мамиле кылган. Капаровго пара берип ушул жерди алган жигит “Бөтөн жерди ээлеп алуу” беренеси менен кылмыш жоопкерчилигине тартылыш керек”.

Рахманов айыл өкмөт башчынын мындан башка да жер сатуу аракеттерин атап жатат. Анын пикиринде, Сүрөө-Таш айылындагы мектептин курулушуна деп бөлүнгөн жер тилкенин бир бөлүгүнө жеке адамдар фундамент куюп, алды үй тургузуп коюшкан.

“2012-жылдан бери Сүрөө-Таштын генпланы бурмаланып, өкмөт башчы Шарабидин Капаров райондук Архитектура жана курулуш башкармалыгы, Мамлекеттик каттоо кызматтары менен алдын-ала сүйлөшүп, мектептин териториясын сатып жиберишкен. КРнын президентинин 16-февралындагы №37 жарлыгы менен социалдык объектилердин териториясы жеке менчикке берилбесин деп даана жазылып турат. Ошондой эле жолду да жер тилке катары сатып жиберген. Прокуратура раекция кылса болмок”. 

Ал арада айыл өкмөт башчы Шарабидин Токтосунов жергиликтүү тургундардын жер боюнча айытоолорду четке кагууда. Анын маалыматында, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө 156 гектар жер бак үлүш катары дыйкан чарбаларга жеке менчикке берилген. Бирок курулуш курганга уруксат жок. Ал жерге мал сарай салынып калганын айыл өкмөт башчы жакында гана билгенин айтат:

“1994-жылы бул жерлер бак үлүш болуп, элге  жеке менчик катары бөлүнгөн. Ал жерлер “Бостон”, “Акыйкат”, “Катта-Терек”, “Бостон 1” сыяктуу бир нече дыйкан чарбаларга берилген. Андай жерлер сатылган да эмес, мындан кийин дагы сатылбайт. Жерди тосуп бак кылганы мыйзамдуу. Бирок курулуш курбашы керек эле. Биз ал жерге сарай салынып калганын кечээ жакында эле билдик. Ага чейин кабарыбыз болгон эмес. Мен кечээ барып көрүп, “курулушту бузгула” деп айттым. Жазга чейин бузабыз деп сөз беришти. Эгер, айткандарын аткарбаса тийешелүү органдарга кайрылабыз. Ал эми мектептин жерин жеке менчикке мен берген эмесмин. Мага чейинки айыл өкмөттүн тушунда болгон иш. 2005-2006-жылы берилген экен. Мени айыптаган тарап менен айтышып отурганга убактым жок. Себеби баары мыйзамдуу. Ошон үчүн унчукпай отурабыз. Жерлердин мыйзамдуулугун тастыктаган бардык документтер бар”.

Үлүш жерлерге байланыштуу жергиликтүүлөрдүн чогулганы биринчи учур эмес — буга чейин Кызыл-Кыштак айылынын тургундары бир нече жолу басма сөз жыйындарын уюштуруп, “аталган айыл өкмөттүн башчысы Шарабидин Капаров жерлерди мыйзамсыз сатып жатат, карапайым элге жер бөлүп бербейт” деп нааразы болуп чыгышкан.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*