Өкмөт Өзбекстандын чек арага тосмо орнотуп жатканы боюнча билдирүү таратты

Өкмөт Өзбекстандын чек арачылары Аксынын Дейрес-Сай тилкесинде чек ара тосмолорун орнотуп жатканы боюнча билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына караганда, аталган тилке 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууга ылайык делимитация процедурасынан өткөн.

«Буга байланыштуу ал тилкедеги инженердик иштердин жүргүзүлүшү аймактын бүтүндүгүн бузууга жатпайт. Макулдашууга ылайык, өзбек тараптын инженердик иштери чек арадан 10-30 метр алыстыкта, Өзбекстандын аймагында жүргүзүлөт», — деп жазылган билдирүүдө.

Мындан тышкары билдирүүдө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышканы белгиленген.

Буга чейин интернетке Аксынын Дейрес-Сай тилкесинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына ичкери кирип, чек ара тосмолорун орнотуп жатканы тууралуу видео тасма тараган. Анда жергиликтүү тургун чек ара сызыгы мурда асфальтталган эски жолдун тоому менен өтсө, эми чек ара сызыгы андан ичкери карай Кыргызстандын аймагына бир топ кирип кеткенин айткан.

Автор Т-медиа 12221 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*