Президенттик шайлоо: 11 талапкер БШКдан арыздарын кайра кайтарып алды

10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин билдиргендердин дагы он бири жарыштан чыкты. Алар документтерин артка кайтарып алуу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Анын себеби маалымдалган жок. 

БШКга кайрылгандар:

  • Базарбай Темишов;
  • Акжолтой Тукунов;
  • Арсланбек Малиев;
  • Турсунбай Бакир уулу;
  • Жамбылбек Камчиев;
  • Адилет Маматов;
  • Азамат Эсенбеков;
  • Бактыбек Жумагулов;
  • Абдыкаар Сыдыков;
  • Санжарбек Энназаров;
  • Кубанычбек Исабеков кайрылышкан.

Буга чейин Садык Шер-Нияз, Сазыкбай Турдумалиев, Турсунбек Жумабеков баштаган сегиз киши арыздарын кайтарып алган. Ошентип, жалпы сан 19 болду.

3-декабрдын соңуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин койгон 21 жарандан шайлоочулардын колу коюлган баракчалар келип түштү. Бүгүндөн тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкердикке каттай баштайт. Бул жараян 14-декабрда аяктайт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Автор Жылдыз Орозматова 73 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*