Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев алдыдагы президенттик, парламенттик, жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор таза өтөт деп ишендирди. Бул тууралуу ал ТМG телеканалынын түз эфиринде алып баруучунун суроосуна жооп берип жатып айтты.
«Эми шайлоолордун жыйынтыгы шаардабы, райондобу, облустабы штабдардын, үгүтчүлөрдүн кандай иш алып барганынын негизинде чыгат. Мен шаар мэри катары буга чейинки шайлоодо кайсы бир партияга үгүттөгөн, мажбурлаган жокмун. Мен тараптан админресурс колдонуу болгон жок. Бийликтин партиясы деп 2-3 партия айтылып жатпайбы. Бул демек “Биримдик” партиясынын штабы, үгүтчүлөрүнүн ишинин негизинде чыккан жыйынтык. Эми күчтүү, аракет кылып форма № 2нин негизинде ушул партиялар алдыга чыкты деп ойлойм. Азыр эми мыйзамда форма №2 каралып жатат. Ал жокко чыкса, чыныгы шайлоо өтөт деп ойлойм. Биометрикалык маалыматтын негизинде өтүп жаткан шайлоолордо, ар бир жаран бирден шайлоо укугуна ээ. Мурунку шайлоолордогудай куугунтук, коркутуу, таңгактап бюллетень таштоо деген азыр жок. Азыр шайлоочулар каалаган партия, каалаган адамын шайлоого толук укук берилген. Мен эл каалаган адамын, партиясын шайласын дейт элем. Биз тараптан алдыда эч кандай админресурс колдонуу болбойт», —деп жооп берди шаар мэри.
Оставьте первый комментарий