
Алдын ала маалыматтарга караганда, 2019-жылы калктын адам башына карата республиканын Ички дүң өндүрүмүнүн көлөмү 1 300 АКШ долларды түздү. Бул ЕАЭБ мамлекеттинин ичинен эң акыркы орунда.
Бул тууралуу Улутстаткомдун экономикалык статистика жана улуттук эсептер теңдеми Башкармалыгынын башчысы Элвира Исенкулова социалдык тармакта уюштурулган түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБ мамлекеттеринин рейтингинде калктын адам башына карата ИДПнын көлөмү боюнча Россия алдыда турат.
«Россияда калктын адам башына карата ИДПнын көлөмү – 11 601 АКШ долларын түзөт. Казакстан экинчи орунда турат, ал жакта 1 адамга 9 750 долларга товар менен тейлөө өндүрүлөт. Рейтингдин ортосунда Белорусь менен Армения жайгашкан, алардын ИДПсы 6 658 доллар менен 4 760 долларды түздү. Кыргызстан ЕАЭБ өнөктөштөрүнөн кыйла артта калууда. Бул биздин жашоо деңгээлибизди көрсөтүп, биздин мамлекет бай эмес өлкөлөрдүн катарына кирээринен кабар берет», — деди Эльвира Исенкулова.
Буга чейин статистика комитети 2020-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ИДӨсү 457 млрд. сомду түзгөнүн билдирген.
Оставьте первый комментарий