Сарпашевдин 530 гектар жери мамлекеттин балансына өттү

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин  жайыт багытындагы 500 жана сугат багытындагы 30 гектар жери Токтогул районундагы Торкен айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Финполдон маалымдашты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты, учурда Сарпашевдин мыйзамсыз байыгандыгы туурасындагы ишти  иликтеп жатат.

Тергөөнүн баштапкы этабында ал мурда өзүнө өткөрүп алган мыйзамсыз мүлктү мамлекетке кайтарууга макулдугун берген.

Учурда башка мал-мүлкүнүн мыйзамдуулугун дагы сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында териштирүү жүрүп, Сарпашев 9-декабрь күнү саат 16:00гө сурак берүү үчүн чакыртылган.

Мындан сырткары, финпол кайтарылган жерди Торкендеги жакыр жашаган адамдарга бөлүштүрүү ишин дагы көзөмөлдөп жатат. 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо