
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетин дагы 322 адам жуктуруп алганы аныкталды. Алардын 10у медицина кызматкерлери. Ошол эле учурда 494 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ош облусу менен Бишкек шаарында 2 бейтап каза болду.
Республикалык штабдын маалыматы боюнча, жуктургандардын 83ү Бишкектен, алтоо Ош шаарынан, 104ү Чүйдөн, 25и Ош облусунан, жетөө Таластан, 12си Нарындан, 41и Ыссык-Көлдөн, 26сы Жалал-Абаддан болсо 18и Баткенден.
Учурда стационарда 2370 бейтап дарыланып жатат. Алардын ичинен 38 адам канааттандыраарлык, 1656 бейтап орто, 582 оор, 94 бейтап өтө оор абалда жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда – 3128 бейтап бар.
Пандемия башталгандан бери жалпы илдет жуктургандардын саны 76012 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 68 367. Каза болгондордун саны 1303.
Оставьте первый комментарий