Өткөн суткада коронавирус 327 адамдан аныкталды. Жалал-Абадда бир бейтап каза болду

Акыркы 24 сааттын ичинде COVID-19 илдетин 327 адам жуктуруп алганы аныкталды. Анын эң көбү Бишкек шаарында. 12си медицина кызматкерлери. Ал эми айыгып чыккандардын саны 447. Жалал-Абадда бир бейтап каза болду.

Республикалык штабдын маалыматы боюнча илдет жуктургандардын 113ү Бишкек шаарынан, 10у Ош шаарынан, 45и Чүйдөн, 18и Ош облусунан, 13ү Таластан, 6сы Нарындан, 69ү Ыссык-Көлдөн, 33ү Жалал-Абаддан, 20сы Баткенден.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруп алгандардын саны 76 718 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 69 341. Тилекке каршы, каза болгондордун саны 1307гө жетти. Учурда стационарда 2263 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 24 адамдын абалы канааттандыраарлык, 1559у орто, 590у оор, калган 90 бейтап өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда – 2955 бейтап жатат.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*