Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогунда чемпион болду

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпион болду. Финалдык кармашта балбан латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утуп жеңишке жетти.

Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. 62 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду уткан.

Ал өткөн жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде да чемпион болгон.

Кыргызстандык дагы бир балбан кыз Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогу мелдешинин 68 килограмм салмактагылар арасында финалга чыкты. Эми алтын байге үчүн эртең чехиялык Адела Ханзликович менен кармашат.

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан мелдеш 12-декабрда башталган.

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*