Мээрим Жуманазарова дүйнө кубогунда чемпион болду

Балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогу мелдешинде алтын байге алып, чемпион болду. Ал чехиялык Адела Ханзликовичти 8:2 эсебинде утуп алды.

Турнирде Жуманазарова квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук, украиналык спортчуларды жеңген.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө кубогу мелдешинде кечээ 62 килограммда Айсулуу Тыныбекова чемпион болгон.

Күрөш боюнча Дүйнө кубогу 12-декабрда башталган. Алгач грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары Жоламан Шаршенбеков алтын медаль алган. Руслан Царев менен Калы Сулаймановга коло медаль буюрган.

 

Автор Т-медиа 11161 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*