Каржы полициясы: Ноокатта айыл өкмөт кызматкерлери мамлекеттин акчасын уурдаган

Каржы полициясы кызмат адамдарына карата мамлекеттин бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын уурдоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат. 

«Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн биринин жооптуу адамдары курулуш материалдарын сатып алуу үчүн «Б.С.» ЖЧКсы менен 1 миллион сомго жакын суммага келишим түзгөн. Андан кийин келишимдин шарттарын бузуу менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жалган кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүшкөн. Акча каражаттарын ЖЧКнын эсептик эсебине материалдарды иш жүзүндө албай туруп которушкандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда, айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин жоопко тартууга, ошондой эле мамлекеттин бюджетине келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*