
Кыргызстанда январь айында пенсия өз убагында төлөнөт. Кооптонууга негиз жок. Маселе жаралбайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирүү таратты.
Фонддун маалыматына караганда, декабрь айында пенсия үчүн 4 миллиард 156 миллион сом төлөнгөн. Бүгүнкү күнгө карата төлөмдөр 95 пайызга каржыланган.
Кечээ парламенттин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева январь айында пенсия төлөөгө каражат жетпей калуу кооптуулугу бар экенин айткан болчу.
Кыргызстанда учурда 651 миң пенсия алуучулар бар.
Оставьте первый комментарий