
Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Жылдызбек Турганбаев дайындалды. Буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, ал буга чейин Мамлекеттик Салык кызматынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген. Ноокат райондук, Ош шаардык салык кызматында эмгектенген. Түштүк региону боюнча салык кызматын жетектеген.
Буга чейинки биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жазган арызынын негизинде кызматынан кеткен.
Оставьте первый комментарий