УКМК «Жалал-Абад» санаториясын басып алуу аракетине Ташиевдин тиешеси жоктугун билдирди

18-19-декабрда «Жалал-Абад» санаториясын басып алуу аракети болгон. Учурда шаардык милицияда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Кесиптер бирлиги федерациясынын «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчиси Күчүков жана ал «Жалал-Абад» санаторийине директорлукка мыйзамсыз дайындаган Айтиев бир нече кишилер менен келип, административдик имаратка кирип, директордун кабинетин ээлеп алууга аракет кылышкан. Административдик имараттын ичиндегилер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин басып алуу иштерине тиешеси бар экендигин айтып кыйкырышкан», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Санаторий жетекчисинин милдетин аткаруучу Сатыгулов башка жетекчи дайындалган буйрук менен таанышкандан соң, ал документ жараксыз экендигин айткан. «Жалал-Абаддын» жетекчиси Абышкаевдин ооруп жаткандыгы боюнча документ бардыгын, мындай учурда анын кызматтан алынышы мыйзамсыз болуп каларын билдирген.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 208-беренесинин («Имаратты өз алдынча басып же ээлеп алуу») негизинде катталган.

Ал эми Күчүков менен Айтиев Жалал-Абад шаардык ИИБине тергөө иш-чараларынын негизинде жеткирилген.

УКМК Ташиевдин аталган ишке тиешеси жоктугун, анын «аталган иш боюнча тапшырмаларды бербегендигин жана мындан ары да бербей тургандыгын» билдирди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5129 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо