Жүзүм, шоколад жана көк чай коронавирустун алдын албайт

«Жүзүм, шоколад жана көк чайдагы химиялык заттар коронавирус инфекциясынын алдын алат. Түндүк Каролина университетинин окумуштуулары ушундай тыянакка келишти». Бул боюнча маалыматтар айрым онлайн басылмаларга жарыяланып, социалдык тармактарда тарады.

Glagol.press сайты маалыматында окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, жүзүм жана көк чайдагы заттар Mpro функциясын ийгиликтүү басат, ал эми какао порошогу жана кара шоколаддагы кошулмалар протеаздын активдүүлүгүн болжол менен 50% га төмөндөтөт деп айтат.

Биз бул изилдөөнү карап чыктык, анда флавоноидке (өсүмдүктөрдүн полифенолдорунун эң ири классы) бай мөмөлөрдү коронавируска каршы дарыны ойлоп табууда колдонсо болот деген ой камтылган.

Ал эми дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия башталып, карантин кирген убактан тарта эле туура тамактануу боюнча эскертүүлөрдү берип келет.

Ага ылайык, жаңы тамак-аш азыктары, айрыкча мөмө-жемиштер, жашылчалар жана майсыз сүт азыктарды тандоо сунушталат.

Көк чай, жүзүм жана кара шоколад көптөгөн пайдалуу заттарды камтыйт. Бирок организмди Covid-19 вирусунан коргоону камсыз кыла албайт. Тескерисинче бул азыктарды ашыкча колдонуу, ден-соолукка пайда алып келбей турганы айтылат.

Бир жылга жакындаган дүйнөдөгү пандемия учурунда коронавируска каршы күрөшүүдө жакшы деп айтылып келген, тамак-аштардын эч бири ооруга каршы чыныгы пайдалуу экендиги далилденген эмес. Бул маалыматтар манипуляциялоого ээ.

Жыйынтык: Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо