Мэриянын жерине 2 кабаттуу үй кантип салынып калган?
Биздин колго тийген документтердеги кийинки жерлер
1
Ош шаарынын Турсунбаева көчөсү 66а дареги
2
Ош шаарынын Турсунбаева көчөсү 66в дареги
3
Ош шаарынын Турсунабева көчөсү 66г дареги
Жогорудагы 3 даректеги жер тилкелер да мэриянын карамагына карайт. Бирок учурда бул жерде 2 кабаттуу турак-жай тургузулган.

Үйдү салгандар мурдагы ээлери. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчи орун басары Нурлан Конобаевтин бир тууган иниси Эрнис Конобаевдерге таандык.

2010-жылдагы окуядан кийин алардын да 2 жер тилкеси менен жер тамы жараксыз абалга келген. Анын ордуна мамлекеттен 3 батир алышкан. Бирок жер тилке мэриянын баласында болгону менен турак жайды кайра эле өздөрү тургузуп, ижарага берип коюшкан.
«Азыр үчөөбүз калдык, мурда 7 элек. Азыркы үчөөбүз жети адамдыкын төлөп жатабыз. Ар бирибиз 3 миң сомдон. Бул жер 2010-жылы өрттөнүп кетип кийин салынган, өзү мэрияныкы экен», —деди ижарачылардын бири биздин жашыруун камерага.
Бул эки кабатуу үйдү ондоп түзөө үчүн учурунда Конобаевдерге Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан да 200 миң сом өлчөмүндө кенемте берилгени белгилүү болду. Ошентип бул объект мамлекетке караштуу болгону менен, эски ээси үй тургузуп, ага ижарачыларды киргизип пайдасын көрүп келет.
«Ошол учурда бизде иштеп турган үчүн "кайра өзүм алам" деп койгондур. Мен ал киши менен иштешкен деле эмесмин, кийин каза болуп калды. Бирөөнү киргизип карап тур десек, мага берди деп чыкпай койот экен. Эми аны 2-3 адам менчиктеп алган жок. Азыр бирөөлөр пайдаланып жатканын көрдүм. Кышында шарты жок болгон үчүн ал жерден баары чыгып кетет. Жайында 3-4 үй-бүлө келип жашап калат экен», — деди Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын экономика бөлүмүнүн башчысы Канышай Имарова.
Ал эми өзүнү Нурлан Конобаевтин жубайымын деп тааныштырган келин бизге жооп берүүдөн качып, бул боюнча материалды чыгарбай коюууну суранды.