«Жергиликтүү чиновниктердин аракетсиздигинен улам». Ош шаардык казынасына 19 миллион сом түшпөй калды

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын айрым кызматкерлери мэрияга тиешелүү жер тилкелерин жеке адамдарга аукцион жарыялабай туруп берип салуу иштерине катышкан. «T-Медиа» компаниясынын журналисттеринин колуна жалпы отуз объектинин тизмеси тийди. Алар тогуз жер участогу жана барак тибиндеги жыйырма бир үй. Тизмедиги үйлөрдүн кээ бирлери аукционсуз башка колдорго өтүп кеткен жана ижарага берилген. Ошентип, шаар казынасы 19 миллион сом чыгымга учураган. 

«T-Медиа» компаниясынын журналисттери, муниципалдык жерди жеке адамдарга аукцион жарыяланбай туруп пайдаланууга берилгенин жана сатуу боюнча эки фактыны иликтеп, ачыкташты.

2010-жылдагы Ош коогалаңында шаарда жүздөгөн үйлөр талкаланып, мамлекет кыйраган үйлөр менен жер тилкелерин муниципалдык менчикке алып, жабырлануучуларга жаңы көп кабаттуу үйлөрдөн батирлерди берген.

Биринчи ачылган факт боюнча, муниципалдык кызмат башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары талкаланган үйүн мамлекетке өткөрүп берип, анын ордуна үч батир алган. Бирок бүгүнкү күндө бул тилке анын инисине таандык. Ал ошол жылы үйү жаңы курулгандыгы үчүн батирлерди гана эмес, мамлекеттен эки жүз миң сом компенсация да алганы белгилүү болду. Натыйжада алардын үй-бүлөсү мамлекеттик жерге эки кабаттуу үй куруп, ижарага берип пайдасын көрүп келет.

Муниципалдык менчик башкармалыгы бул фактыны билет, бирок эч кандай чара колдонбой, көз жумуп  келет. 

Мындан тышкары, журналисттер муниципалдык эки жер тилке Ош шаарынын эки тургунуна эч кандай документтери жок берилгенин ачыкташты. Бүгүнкү күндө аларды көчүрүү же  үйдү бузуу коркунучу бар. Эки учурда тең муниципалдык менчик башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери аралашат.

Журналисттер, бул жерлерди натыйжалуу пайдалануу болгондо Ош шаарынын бюджетине болжолдуу 20 миллион сом түшөөрүн эсептеп чыгышты.

Биздин колубузга даректери тийген тилкелердин бардыгын 2019-жылдын 25-декабрында бекитилген тарифтер менен ижарага берсе, Ош шаарынын казынасына 9 миллион 186 миң сом түшмөк. Бул акча шаарга 17 балдар аянтчасын курууга жетмек.

Ал эми барак тибиндеги үйлөрдү аукцион аркылуу эң арзан баада сатканда казынага болжол менен 10 миллион сомдон ашуун каражат келмек. Бул акчага 5 тез жардам унаасын сатып алууга болот. Азыр шаардын тез жардам станциясына 16 унаа жетишпейт, бул пандемия учурунда эң керектүү жана маанилүү муктаждыктардын бири.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевдин айтымында, муниципалитет учурда атайын комиссия түзүүнү пландап жатат. 

«Ооба, объектилер мэриянын балансына өткөрүлүп берилгенин билем. Бирок пандемияга байланыштуу объектилердеги мындан аркы ишти убактылуу токтоттук. Бул участоктордун бири дагы сатылбайт. Мен аны жеке көзөмөлдөп турам. Комиссия түзүп, андан кийин кантип иштетишибизди карап чыгабыз. Менин жеке оюмда ал жерлер ижарага гана берилиши керек. Эгер сатылса, анда ачык жана айкын сатуу керек», —дейт шаар мэри Таалайбек Сарыбашов.

«T-Медиа» журналисттери иликтөөсүнүн алкагында чыгарган жыйынтыкка ылайык, Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин иш-аракеттери жана шалаакылыгы бул ачыкка чыккандарынан дагы көп. Мындай иштерди 30 муниципалдык объектинин тизмесине кирген башка үйлөрдөн жана жер тилкелеринен да табууга болот. Мындан улам, шаардын бюджетине пандемия учурунда зарыл болгон ондогон миллион сом түшкөн эмес. Бул каражаттар медициналык жабдууларды сатып алууга, социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдү колдоого, ошондой эле жарандардын жашоо шартын жакшыртууга жумшоого жетмек.

Т-медиа
Автор Т-медиа 4047 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо