Коронавирус менен жарышкан саясий окуялар. 2020-жылга сарасеп
2020-жылды узатып жатып анын кандай башталганына, кандай окуялар менен коштолгонуна сарасеп салдык. Өтүп бара жаткан жыл түрдүү окуяларга бай, ошол эле маалда эң оор жылдардан болуп калды. Кыргызстанда 2020-жыл илдет менен тең жарышкан саясий күрөштөр менен да толукталды. Биз жыл ичиндеги кооптонууга, жоготууга, ыйга, үмүткө себеп болгон урунттуу учурларды топтоштурдук.
Январь
2020-жылдын январь айы, жылдагыдай эле саат 12де өлкө башчынын куттуктоо сөзү менен башталып, концерттик программалар менен коштолуп жаңы жыл кирип келди. Кыргызстанда бул жыл президент тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Ошентип 2020-жыл да башталды.

Ошол эле убакта бүтүн дүйнө Кытайдын Ухань шаарында "өлүмгө алып келген жаңы вирус" тараганы тууралуу кабарларды укту. Жаңылыктардын баш сабында табышмактуу илдеттен көчөлөрдө эле кишилер көз жумуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап, дүйнөнүн үрөйү учту. Бул илдет тууралуу маалыматтар Кыргызстанда да тарай баштады.

Январдын соңунда, чет өлкөдөн эт алып келүүгө тыюу салуу, коомдук жайларда маска тагып жүрүү, Кытайга барып келүүлөрдү чектөө, чет өлкөдөн келгендерди кылдат текшерүү сыяктуу иштер башталды.
Февраль
Февраль айында өлкө аймактарына санитардык-карантиндик постторду коюу, базарларды дезинфекциялоо сыяктуу бир топ алдын-алуу иш чараларына даярдануу аракеттери жана эл аралык спорттук мелдештерге спортчулардын келбей калышы менен 2020-жылдын экинчи айы аяктады. Ошол эле учурда коронавирус илдети дүйнөгө тездик менен жайылып биздин өлкөнү да кооптонтуп жатты.
Март
Коронавирустун дүйнөдө жайылып жатканына карабай, бийлик март айында жергиликтүү кеңештерге шайлоону 12-апрелге белгиледи. Анда Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңешке жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоо өтө турганы пландалды. Аталган аймактарда шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоого үгүт иштери кызуу башталды.

Бул арада 18-март күнү өлкөдө дүйнөнү кооптонткон коронавирус илдетинин алгачкы учуру Жалал-Абаддын Сузак районунда катталды. Умрага барып келген 3 адамдан вирус табылды. Ошол эле күнү район аймагына чектөө киргизилди.

Эл дүрбөлөңгө түшүп, ар кандай маалыматтардан улам азык-түлүк кымбаттап, дүкөн, ун базарлар элге толду. Өкмөт массалык, маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салып, мектептер, ЖОЖдор мөөнөтүнөн мурда каникулга тарады. Коронавирус көп катталып жаткан өлкөлөрдөн келген жарандарды текшерүү күчөтүлдү. Китепкана, кинотеатр, көңүл ачуу оюн зоок жайлары, темир жол, авиа каттамдар биринин артынан бири жабылып жатты.
Сузактан кийин Ош облусунун Ноокат районунда да өзгөчө абал кирип, карантиндик чектөөлөр башталды. Баткенде, Ош шаарында базарлар жабылып, коомдук трасспорттордун иши токтотулду.

Кыргызстанда 22-марттан баштап бир айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Облустар аралык каттамдар токтоп, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу белгисиз мөөнөткө жылды. 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Бишкек, Кара-Суу, Сузак, Ноокатта өзгөчө абал режими кирип, комменданттык саат башталды. Жашоочуларды негизсиз көчөгө чыкпай, үйдө болуу сунушталып жатты.
Апрель
Коронавирус катталган экинчи айда өлкөдө аба, унаа, темир жолдор токтотулгандыктан атайын чет өлкөдө калып кеткен кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулуп жатты. Келгендерди обсервацияга алуу, аларды жетиштирүү иштери менен коштолду.

Өлкөдө беткап жетишсиздиги, дарыканаларда дарыларды баасы өсүп, жетишпей жаткандыгы көйгөй жаратты. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү иштөөгө өтүп, ооруканалар толду. Окуучулар менен студенттери окууну алгачкы жолу онлайн режиминде улантууну башташты. Жашы улуу кызматкерлерди жумушка келбөө сунуштары айтылып, илдет оорунун очогунда иштеген дарыгерлерден сырткары милиция, аскер, мамлекеттик кызматкерлерге чейин тарай баштады.

Жазгы аскерге чакыруу, эл каттоо сыяктуу иштер токтоду. Апрелде Жогорку Сот сыяктуу мекемелер аралыктан иштөөгө өттү. Өкмөт үйдө олтуруп калган жарандарды эске алып, коммуналдык төлөмдөргө жеңилдик берип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар таратылды. 15-апрелден күн сайын жайылып жаткан вирустан улам өзгөчө абал режими Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да кирди.
Май
Өлкөнүн айрым аймактарына кирген өзгөчө абал май айында алынып, өкмөт этап-этабы менен жабылган ишкана-мекемелерди кайра ачууну баштады. Алгач адамдардын саны аз боло турган жайлардын санитардык талаптарды сактоо менен уруксат берилди. Маршурттук каттамдар, соода жайлары, такси кызматтары акырындык менен ишин башташты. Чартердик каттамдар улантылып, жай турмуш кайтып жаткандай сезилди.
Июнь
Июнь айынын башында бардык мамлекеттик кызматкерлердин ишке кайтуусуна уруксат берилди. Адамдардын тоого эс алуулары салынган чектөөлөр алынып салынды. Бирок бул көп убакытка созулбай, коронавирус жуктургандардын саны кайра өсүп баштады. Июнь айын ортолорунда мечиттерге, жума намаздарга барууга, куран окуткан, той аштарды берүүгө кайра тыюуу салынды. Оору күн сайын мамлекеттик, жеке ишкана мекемелердин кызматкерлеринен да табылып, карантинге жабылып жатты. Абал күчөдү. Карандик чаралар кайра каралып, кафе, тойканаларга көзөмөл күчөтүлдү. Дарыгерлер, тез жардам унаалары жетишпей, ооруканалар толду. Өзгөчө Бишкекте абал оорлоду.
Июль
Июль айы жыл ичиндеги эң оор айлардын бири катары эсте алды. Эң көп жоготуу, ый да ушул айга туш болду. 27-июлда бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониядан 83 бейтап көз жумду. Ооруканалар, дарыгерлер жетишпей, өкмөт үйдө олтурган медицина кызматкерлерин жумушка чакырды. Спорт залдар, муфтият, мечит, конок үйлөрү, мейманканалар, мектептер күндүзгү жана түнкү стационарларга айланды. Чектөөлөр кирип, облустар аралык каттамдар токтотулду. Дары, дем алдыруучу аппараттарды издеген адамдар четтен чыгып жатты. Эл бири-бирине кол кабыш кылып, ыктыярчылар жеке ишкерлер өз алдынча жардамдарды көрсөтүп башташты. Курмандыктардын саны арбыды. 30-июль «Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды».
Август
Августта кайрадан оору жуктургандар менен курмандыктардын саны азайып, жабылган жайлар кайра ишин акырындык менен башташты. Чет өлкөдөн жардамга келген дарыгерлер мекендерине кайтып, чет элдиктердин Кыргызстанга келишине да уруксат берилди. Аба каттамдар жанданды. Кыргызстан 31 өлкө менен чек арасын ачты. Стационарлар кайрылгандардын жоктугунан кайра жабылды.
Сентябрь
Жаңы окуу жылы жогорку окуу жайлар менен мектептерде онлайн башталды. Жеке менчик бала бакчалар ачылды. Илдеттин салыштырмалуу азайганы байкалды. Пандемия көптөгөн пландарды үзгүлтүккө учуратты. Бирок кыргыз өкмөтү парламенттик шайлоону убагында өткөрүүгө белсенди. 4-сентябрдан баштап үгүт иштери илдетке карабай аймактарда кызуу уланды.
Октябрь
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, курч саясий окуялар болду. Он күндүн ичинде президент кызматтан кетип, жаңы спикер менен премьер-министр шайланды.
Шайлоонун тыянактары боюнча 16 партиянын ичинен эки партия - "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" 24 пайыздан көбүрөөк добуш алган. Дагы эки партия- "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан" босого чектен өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ала-Тоо аянтында демонстрациясын баштады. Өлкөнүн негизги аянтына топтолгондор шайлоо тыянагын жокко чыгарууну талап кылган. Аянтка коопсуздук кызматкерлери дагы тартылды.Таңкы саат 03:00дөн кийин демонстранттар Ак үйгө кирип барды. Өкмөт имаратын ээлеп алган оппозициялык күчтөр элдик өкмөт түзүп, Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу жана жаңы премьер-министрди тандоо маселесин көтөрүштү. Түн ортосунда абактагы бир катар саясатчылар, анын ичинде Садыр Жапаров, Алмазбек Атамбаев, Сапар Исаковдор бошотулду. Кагылышууларда жүздөгөндөр жаракат алып, 19 жаштагы жаран каза тапты.

Жер-жерлердеги расмийлер кызматтарынан өз ыктыяры же күч менен кетирилип, БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бир катар расмийлер кызматын таштап кетип жатканда президент Жээнбеков бардык күчтөрдү мыйзамдык талаага кайтууга чакырган билдирүү жасады. Өлкөдө башаламандык орноду. Бишкек шаарындагы дүкөн, соода борборлорду элдик кошуундар кайтарды.

Бул арада Ош шаарында дагы митингдер болуп, кырдаал курч болуп президент Сооронбай Жээнбеков билдирүү таратты. Ал өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин жар салды.
Бишкекте үч жерде митинг өттү. Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз тарапкерлери менен келип, аларга жаш активисттер кошулуп митинг өткөрүп жаткан кезде Садыр Жапаровдун жактоочулар делген топ келип, аларды аянттан сүрүп чыкты. Кагылышуудан жаракат алгандар болду.

Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка шайланды. Жогорку Кеңеш өкмөттү жана анын курамын бекитип берди. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды. Андан соң премьер-министр Садыр Жапаровго президенттин милдетин аткаруу укугу берилди.
Ноябрь
Кинотеатр, клуб, коомдук жайлар ачыла баштады. Бала бакчалар менен мектептер жаңы жылдан кийин ачылары айтылды. Өлкөдө доллардын баасы көтөрүлүп, азык-түлүктөр, эттин баасы өстү.
Декабрь
Пандемия кадыресе жашоо менен кошо спортту да жарга кептеди.
Бирок узап бара жаткан жылдын соңу өлкө спорту үчүн жемиштүү болду. Спортчулар эл аралык таймаштардан тартып абройлуу дүйнөлүк ири мелдештерде алтын байгелерди утуп келишти. Тарыхта алгачкы ирет эгемендүү Кыргызстандын балбандары Дүйнө кубогунда эң жогорку тепкичке көтөрүлдү.

Ошол эле учурда бул айда коронавирус пандемиясынын бир аз мизи кайтканы байкалгансыйт. Ооруну жуктургандар азайып, айыккандардын көбөйдү. Тилекке каршы, каза болгондордун саны токтой элек.
Ал арада президенттик шайлоого даярдыктар күчөдү. Дээрлик 20 күндөн бери жаңы жылда өтчү президенттик шайлоого үгүт иштери кызуу жүрүп жатат.
2020-жыл Кыргызстанда мына ушундай окуялар менен коштолду. Келе жаткан 2021-жылы өлкөдө тынчтыктын жана өнүгүүнүн гана жылы болсун. Жаңы жылыныздар менен!