
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу 30-декабрда анын «Фейсбуктагы» расмий баракчасына кабарланды.
Коомдук фонд юстиция органдарында быйыл декабрь айынын башында катталганы, ал «социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштер» менен алектенери айтылат.
«Фонддун негизги максаты «коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо», -деп айтылат маалыматта.
Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду…
Опубликовано Сооронбай Жээнбеков Среда, 30 декабря 2020 г.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда Бишкекте болгон нааразылык акциялары ири башаламандыкка айланган. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана Жогорку Кеңештин имаратын талкалап, басып алган. Бул окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланып, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен.
Оставьте первый комментарий