2021-жылга карата республикалык бюджет бекитилди

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, 2021-жылга республикалык бюджеттин кирешелери  172 891,6 млн. сом жана чыгашалары 181 354,8 миллион сом деп бекитилди.

2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн. сом суммасында белгиленди.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5130 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо