Аксы – Ала-Бука жолу ачылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда нааразылык акциясында тосулган жол ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Бүгүн 4-январь күнү саат 16:00 чамасында Аксы районунун Ак-Дөбө  айылынын жергиликтүү 200дөн ашуун тургуну Аксы — Ала-Бука автожолунун  тосушкан. 

«Окуя боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 265-беренесинин (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Райондук милиция коопсуздукту көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Азыркы учурда Аксы – Ала-Бука жолу ачылды. Каттам өз нугунда жүрүп жатат. Жол боюна тигилген боз үйлөр алынууда», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Эске салсак, 7-октябрда Аксы районунун акимин кызматтан кетирүүгө байланыштуу башаламандык кандуу окуя менен аяктаган. Анда жергиликтүү тургун каза таап, дагы алты киши жаракат алган. Бүгүн жол тоскондор башаламандыкта каза болгон Уланбек Жамангуловдун өлүмүнө байланыштуу камакка алынган адамдарды үй камагына чыгарууну, тергөөнү акыйкат жүргүзүүнү талап кылышкан.

Сүрөт: www

Т-медиа
Автор Т-медиа 4326 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо