
Акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө коронавирустан 165 бейтап айыгып үйлөрүнө чыкты. Жаңы илдет жуктуруп алгандардын саны 83. Ыссык-Көлдө бир бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Айыккандардын аймактар боюнча саны:
Бишкек – 55;
Ош шаары – 13;
Чүй облусу – 44;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу – 4.
Жаңы учурлардын саны:
Бишкек – 33;
Ош — 1;
Чүй облусу – 17;
Ош облусу — 5;
Талас облусу — 3;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу — 1.
Пандемия башталгандан бери жалпы коронавирус жуктургандардын саны 81 388 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 76 728. Курмандыктардын саны 1360. Стационарда 955 бейтап дарыланууда жатат. Алардан 14 адам канааттандыраарлык, 639 бейтап орто, 249 оор, 53 өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда 1424 бейтап бар.
Пикир калтыруу