УКМК башчысынын мурунку орун басарына издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурунку орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Ал суракка келбей койгон. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары менен айыпталууда.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Болот Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн бир нече ирет суракка чакырылган. Бирок келбей жаткандыгына байланыштуу УКМК тергөө органдары тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-берененсинин 2-бөлүмү (экономикалык кантарбанда) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, издөө жарыяланган», — деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Атайын кызмат Болот Сүйүмбаевди  көргөн же жүргөн жерин билгендер болсо УКМКнын нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 ИИМ нөөмөт бөлүмү телефон аркылуу кабарлап коюууну өтүнөт.  Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Автор Т-медиа 11406 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*